суббота, 18 мая 2013 г.

Конул буруп койчу .



Мына ушундай жалган кундор отот экен,
Ар адам жолу менен кетет экен.
Саждага мандай жузун тийбесе эгер,
Тазамын деп акталуу бекер экен.
Бироого ушул дуйно арман экен,
Жалган дуйно сени мени да алдайт экен.
Лондон,Париж бироого арман болсо,
сокурларга кунду коруу арман экен.
Музыка мээбизди уулайт экен,
От баскан журогумду эми кантем.
Керен болуп туулган заиптарга
Азан унун бир угуу арман экен
Арак ташып журобуз дукондордон
Кудай эмес коркобуз пенделерден
Болгонумда кантет элем журо албас,
Аягы жок баса албас пенделерден.

пятница, 17 мая 2013 г.

Асылымсың



Аздектеген асылымсың, ардагым,
Ай жүз менен түбөлүккө арбадың!
Арнап жүргөн көптөн бери өзүңө,
Ак сүйүүмө сен ишене албадың!

Тапчы менин ак сүйүүмдү издетпей,
Табышалы табылгадай, издешпей.
Табериктүү ортобузда сый өзү,
Табылат го, жүрбөсөк да «сиз» дешпей!

Ынак болчу эч жанымдан чыкпаган,
Ысык болчу бир өзүмө ыктаган!
Ырыскынын атыр жыты аңкыган,
Ыйык гүлүм болуп жүрчү жыттаган!

Рахаттанам, эстегенде өзүңдү,
Рахмат айтам, көрсөм түштөн жүзүңдү.
Роман кылып жазуу керек талыкпай,
Рахат ала, жеген сымал жүзүмдү!

Гүлдөр өскөн гүлзарымдын ичинен,
Гүлдестени суннам сага ыр менен.
Гүлчамбарды белек кылам, кабыл ал,
Гүлбурагым, бир сен үчүн бүт белен!

Үзүлбөгөн үмүтүмсүң, күмүшүм,
Үшүбөймүн жамынганда күлүшүң!
Үңүлөмүн жакшы тилек, ой менен,
Үн кошомун, арыбасын жүрүшүң!

Лирик акын болбосо да тереңим,
Лира гүлүн тандап сага теремин!
Лианадай чырмалышкан ойлордон,
Лимитимсиң, сага умтулуп келемин!

Сен кайдасын ?

Кутом сени кудор узбойм, зарыгам
Сен кайдасын коргум келет абдан
Коп куттурбой келсен боло сагындым
Жетим калган тайлак сымал жалгызмын

Карап келем коп ичинен озунду
Таппайм бирок жанган сенин козунду
Жолугасын мага качан асылым
Алыссынбы сен кайдасын жан сырым

Куюлаарбыз бир дайрага экообуз
Калгым келбейт бир кайыкта озунсуз
Сен болосун менин жаным сырдашым
А мен болсо туболуктуу кыйбасын

Сен кайдасын журок сага талгактай
Сен жок мага баскан жолум тайгактай
Жолугааар кун болоор бекен алдыда
Сырдашаарбыз моокумубуз кангыча.


Суйуу арманы.



Бирде суйуу озогунду куйкалайт
Татып алсан балдай таттуу ширесин
Айландырат зымыратып ийиктей
Аска-зоого бет аласын кийиктей


Ак суйуудон кубанасын, ыйлайсын
Толкуп ташып кээде гана жыргайсын
Суйуу кучтуу тонгон музду ээритет
Мындай суйуу чанда гана бир келет.

Апама

Жашоомдогу эн ыйыгым апакем
Алмаз, алтын, кумуш дагы тен келбеген
Назик жансын ото эле улбурогон
Аман болгун ар дайым гулмундогон

Эмгегинди барктайм данктайм унутпайм
Ысымынды ырга кошуп урматтайм
Сиз бар биздин конулубуз жайдары
Жугузбайбыз озунузго чан дагы

Сизге деген ой санаабыз таптаза
Менин апам адамдардан башкача
Адам баркын бийик тутат баарынан
Иштуулугу киши откорбойт алдынан

Жаман айтпайт жан адамга чырагым
Жолок болчу жан сырдашым ынагым
Апакебай алтын башын аман болсун ар дайым
Коргоп алат канатына суук коздон балдарын

Узак жашап урмат сыйга татыныз
Бул жашоонун кызыгына батыныз


Эне бала



Кыялым ойду тоону араласа
Ак суйуу кары жашка карабаса
Байланып ак суйуунун бактысына
Бар болсун бул дуйнодо эне бала


Боорукер адам экен эне деген,
Чырылдап баласы учун жанын берген
Кыйналып , азап кунго туш келсен да,
Бел байлап, садагам деп эркелеткен.


Эненин назиктигин айайлычы
Алпештеп баккандыгын баалайлычы
Жашоодо ойдо-ылдый болсо дагы
Бел болуп таканчыктап тайайлычы

Убакыт учкан куштай отуп жатат
Омурго жаш кошулуп узап барат
Эненин баласы учун асыл оюу
Кун артып санаасына батып барат

Бул ырым ата энеме.



Тобом бийик ата-энем бар жанымда
Бийиксинер бул дуйнодо жалганда
Кызмат кылам журок токтоп калганча
Ата энеме менин дилим таптаза

Силерсинер жарык кылган дуйнону
Кутусунар уйбулонун уйдогу
Эч танбаймын ата энемдин эмгегин
Эсте калат ак адилет иштерин

Журсонор дейм аман болуп мандайымда
Анда менин конулум ток кайда барба
Калсанар дейм аман болуп мандайымда
Жарык чачып бир тууганга балдарына

Ата энемди даназалайм ар дайым
Асылымсын нурун чачкан ардагым
Жан аябайм жалгыз силер барында
Сууруп берем журогумду сиздер учун душманга

Омур берсин окунбой от бул жалганда
Осо берсин тукумунар тээ алыска
Арнап жазган бул ыр саптар ата энеме
Жашай берет ар убакта заманамда

Карыба! Кайгы тартпа бул жалганда
Жакшылык коштоп журсун жалгыз гана
Кааларым чын ден соолук узак жаш
Бел байлап дагы ушундай бир тоону аш

Ыр жаздым тандап создун жакшысын
Ашыра кор ата энемдин бактысын
Ырыскы ыйман берсин ченебестен
Балдарын тилек кылат коп нерседен.

Сагыныч.



Сагынган журок санаасы кучоп
Алыста жургон уланын кутот
Жабыркап жалгыз жамалы алсыз
Коз байкуш бутту кароону алыс

Ысык жаш тамат жузумду бойлой
Отурам азыр озунду ойлой
Канады журок кайгысы кучоп
Караган сайын суротту тиктеп

Тилинип боор эт суйуудон калды
Сагыныч менин журогум жарды
Жер кезип сени издегим келет
Кудайым мага куч кубат берет

Буулуккан умут таба албайт айла
Ыйлайт, сыздайт, коз жашы дайра
Кезигип калса жигити кайра
Жанырган жаны жагымдуу жазда

Сагындым мен ардагым бир озунду
Жашсыратпа жайнап турган коздорумду
Керек болсо берээр элем бир озуно
Жалгызсырап ооруп турган журогумду.

Кол жээгинде.

Кол жээгинде отурабыз кучакташып
Толкундарды сыза тиктеп божурашып
Колдон кармап маанайынан сылаймын
Копко тиктеп коздорунду караймын

Тээтигинде сузуп бартат Ак-Кеме
Карайбыз го экообуз тен бир демге
Ак-Кеменин калат экен элеси
Кол булгалап кайыр кош деп зымырап

Кол жээги шарпылдайт да обон салат
Толкундары турулуп, бир бийлеп барат
Сен дагы, Ысык-Колду ырга салып
Отурдук кол жээгинде конул ачып


Сезим сырлары


Сагынычым сага болгон,
Жан дуйномду кыйнап турат.
Сезимдерим жаш баладай
Жашып анан ыйлап турат.

Кайталангыс назик унун
Жипсиз мени байлап алган,
Кайырчыдай кол сундуруп
Жалгыз сени жандап калган.

Акыл ченеп корсом деле
Журогумдо башка нерсе
Азабына консом деле 
Жаратканым сабыр берсе...

Тоскоол болгон коп нерсе бар
Жарып отуп кете аламбы???
Тагдыр мага сыноо кылса
Жарыгыма жете аламбы???

Капкарангы дуйномо ал
Кун шооласын кайрып берди,
Качып кеткен сезимим да
Корком кантем кайра келди.

Чынжыр менен байлап салчу
Ал кармалган буюм эмес...
Чыгаламбы тунгуюктан 
Айтынызчы сырдуу элес???
Бакыт Шыгаев.

Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"

Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи" Сөзү: Г.Сатыбековдуку  Обону: Г.Сатыбековдуку 

Дайыр Исмадияров "Жаным"

Дайыр Исмадияров "Жаным"

Фарида Карбосова "Кош бол..."

Фарида Карбосова "Кош бол..."
NEW Гүлжигит Калыков - Сен дегенде

Сезим сырлары



Сагынычым сага болгон,
Жан дуйномду кыйнап турат.
Сезимдерим жаш баладай
Жашып анан ыйлап турат.

Кайталангыс назик унун
Жипсиз мени байлап алган,
Кайырчыдай кол сундуруп
Жалгыз сени жандап калган.

Акыл ченеп корсом деле
Журогумдо башка нерсе
Азабына консом деле
Жаратканым сабыр берсе...

Тоскоол болгон коп нерсе бар
Жарып отуп кете аламбы???
Тагдыр мага сыноо кылса
Жарыгыма жете аламбы???

Капкарангы дуйномо ал
Кун шооласын кайрып берди,
Качып кеткен сезимим да
Корком кантем кайра келди.

Чынжыр менен байлап салчу
Ал кармалган буюм эмес...
Чыгаламбы тунгуюктан
Айтынызчы сырдуу элес???
Бакыт Шыгаев.

Студенттик кудор ай.

Бир кезде алыс- алыс жактан элек.
Бир кезде таанышпаган жаштар элек 
Таанышып туболуукко ДОС болууга ,
Болдуга студенттик кундор себеп.

Куугум жок аппак сулуу тандардай,
Кулкуго бай, суйууго бай шанга бай.
Коколотуп конулдорду которгон ,
Кандай сонун студенттик кудор ай.


Бөлүмбө

Байкасам бөөдө жек көрөт,
Баргының кытай деп бөлөт.
Бир чынчым кыргыз бөлүнсө,
Биримдик деген бөксөрөт.

Уруудан урук бөлүнөт,
Урушса катуу сөгүнөт.
Уучка толбос кыргызым,
Уюша албай төгүлөт.

Көралбас ач көз бардыгы,
Карөзгөй, ичтин тардыгы.
Кыргызда калган сакталып,
Кыңыр иштердин калдыгы.

Кыргызым болуп ынтымак,
Калк өнүп, жериң кулпурат.
Кажаңдашып аңдашсаң,
Калк бузулуп чыр чыгат.

Бөлүнсөң кыргыз капамын,
Бириккин деп жатамын.
Бактыңа бакыт кошулут,
Бир тууган болуп жашагын.


Кармаба арак колуна



суранамын кармаба арак колуна
тозосун жылбас ташты жолунда
ичкенде эмне онолу бир жерин?
таштабасан кетесин темир торуна

суранамын энсебе арак жонундо
зыяны тиет кайра эле бир озуно
андан коро арам иштен арылып
карысан боло балдарындын торундо

суранамын унут арам аракты
кыйбачы тамырынан жаш даракты
балдарына он тартиптен карматып
жинди сууну мисал ага кылбачы

суранамын жинди сууну унутчу
аны таштап алдыга карай умтулчу
уй булодо кадырлуу ата сен болуп
аракеч дебей атаке деген соз укчу!

автор:Арунова Айпери

Сен таарынба!


Узун бойлуу, токтоо мүнөз ал адам
Ортобузду бөлүп салды миң бир кадам,
Түшүнбөстүк бийлик кылып ортобузда
Таарынышып алыстадык биз да тынып.

Бир да ката бул жашоодо ким кетирбейт,
Сүйүүнүн бешигине ким термелбейт
Жаш кезекте келет-кетет мындай сезим,
Булгап алдым көңүлүңдүн бир жак четин.

Кучагыңа оронуп ойноп-күлгөм,
Ал күндөрдү сен эмес мен да сүйөм.
Ишенемин бакыт жолун табаарыңа
Туура түшсөң ак сүйүүнүн сапарына.

Өмүрдө жакшылыкты сага каалайм,
Өзүң менен өткөн күндү абдан баалайм.
Өткөнгө өкүнүп ызааланба.
Адам затта болот ката бул жалганда.

Ак көңүл кыялың мага жагат,
Көздөрүңдөн боорукерлик күйүп жанат
Менде болгон сүйүү эмес жактыруу,
Андан дагы сага болгон көнүп калуу.

Асмандагы кундө дайым батуу бар,
Сүйүү күйүт ачуусуна таттуу бар
Сен да күлүп бир убакта эстээрсиң
Ал анткени эске салчу күндөр бар.

Бул күн менен күн жарыгы өчүп калбайт
Сага болгон мендеги сезим таркайт
Жана берсин ийгиликтин жарыгы,
Калганыңда чындап сүйүп сен башканы.

Саламыбыз үзүлбөсүн көрүшкөндө.
Капысынан жоолукканда өңүбүздө
Өкүнбөймүн сени менен жүргөнумө
Алдасам да, алдансам да бир өзүңө.

Сезим сырлары

Уурдаттыңбы сезимиң мага деген, 
Азгырылып бөлөктүн кумарына.
Жоготтуңбу мээримиң аздектеген,
Муздактыктан себелеп курамына.

Жылуулугуң соолуду заматта эле,
Алоолонбой арзуунун илептери.
Сүртүлгөнүм өзүңө жагат беле? 
Тамгасындай, айрылган белеттеги.

Умтулбадың бузбоого мамилени,
Тагдырына бой сунган үмүтсүздөй.
Тизелете жыктыбы турмуш сени,
Махабаттуу кайыгың сүзүп-сүзбөй.


Сезим сырлары

Суйуу эмне чындыкпы же жалганбы
Суйуу эмне чыбыктанбы талданбы
Эмне учун суйуу гулун сындырдын 
Эмне сени суйом десем жаманбы

Ыйлап турдум тушту карап таарынып
Барбасам да турдум сага багынып 
Келер белен мен айтканда ошондо 
Суйомун деп мени коздой ашыгып

Сезим сырлары

Жаным менин бактым менин,ашыгым умут менен озунду кутуп келем,тан да кеч да адат болду кутуу деген,кымбатым кыялга батып келем,тун менен сырдашып айды карайм,жылдыз санайм,кыялымда сага деп кулуп гана сени коздой учуп барам,баардык максат бир озуно багытталат,элесин келет мага жаным,билемин сен да ардагым мени унутбайсын сагынып,конулго зарыгып,качандыр бир кун жарк этип келип калаар экенсин............!!!
Кучагыңа оронуп ойноп-күлгөм,
Ал күндөрдү сен эмес мен да сүйөм.
Ишенемин бакыт жолун табаарыңа
Туура түшсөң ак сүйүүнүн сапарына.

Өмүрдө жакшылыкты сага каалайм,
Өзүң менен өткөн күндү абдан баалайм.
Өткөнгө өкүнүп ызааланба.
Адам затта болот ката бул жалганда.
урматтуу экс жаным Назик бул жалган дуйнодо сени суйгон бир адам бар......

                                 

Сезим сырлары

журогум жанчылды,
суйгонум барсынбы?
келчи жаным кайра,
суйомун озунду гана.

сагындым озунду,
ак жуумал онунду.
кайра-кайра тиктеп,
алыстадан издеп буттум.
   

Сезим сырлары


Калемим бол ага арнап ыр жазсам,
Сенин кучун тамып турсун ырдасам.
Суйуум, менин таза экенин коргозгун,
Башка айтпайм, кечир мени, кыйнасам.

Барагым бол, ага деген кат жазсам,
Сенин жытын анкып турсун кыр ашсан.
Суйуум менин ак экенин байкаттыр,
Бирок кечир бул жолу да кыйнасам.

Тилим болуп суйлоп тургун мен барсам,
Сенин козун болсун тиктеп нур чачкан.
Кечир мени Суйуум эгер алсызды,
Бул жолу да кучагыма жыйнасам.


Анекдоттор


смайлики
 Токойдо карышкыр келе жатыптыр эмне кыларын билбей, анан алдыда тулкунун келатканын коруп бадалга жашынып калат, тулку жакындаганда кукаракууу деп кыйкырат экен,тулку о петух бадалга секирип кирет. карышкыр кармап алып насилует от душичи жарым саат, анан бадалдан чыгып кагынып жатат дейт как хорошо что знаю иностранных язык депчи

Анекдоттор


смайлики

Эки аял балкондон туруп алып амандашып атат дейт.
Биринчи аял: - Кандай анан кошуна? Ден-соолук жакшыбы?
Экинчи аял: - Кудайга шүгүр. Өзүнчү? Эмне, ооруп жатасынбы?
Биринчи аял: - Жок, ай. Эмнеге антип сурап атасын?
Экинчи аял: - Кечээ күнү бир врач үйүңдөн чыгып кетти го?
Биринчи аял: - Эмне, врач үйүмдөн чыгып кетсе эле ооруп аткан боломбу? Сенин да уйундон эрте менен бир депутат чыгып кетти го? Эмне, сенин үйүндө сессия болуп жатабы?

Күйөөсү менен аялы ужас кино көрүп жатат дейт. Бир кезде экран
толгон эле ужастын бети болуп калат, аялы чоочуп кетип, ?апаааа!?
деп кыйкырат экен. Анда күйөөсү эч кам санабастан: ?апанды  кантип тааный койдун? деген экен

Бир мас көчөдө дубалды таянып, араң келе жатса көлчүктө дагы бир мас жатат дейт.
Анда дубалды сүйөнүп турган мас: - Эй, эмне жатасын, алына карап ичпейсинби,
десе. - көрөм сени азыр дубал бүтсө- деген экен.

Айылдан жаны келген эки бала карангыда көчөдө кетип баратышып,
бирөөсү айтат: -смотри на небе сколько звездей! -звездей эмес,
звездов туура болот,-дейт экинчиси. Анан экөө мелдешип кетип,
бир кыздан сурашат: "звездов правильно или зведей?",-десе:"я таких словей не знаю!",-дептир..

вторник, 14 мая 2013 г.

АЯЛУУМ ЖАНА АЯРЫМ

Жыттасам жыты жанды эриткеним,
Жылынчы кучагыма келип менин.
Сурасаң өмүрүмдү бергим келет,
Суйкайган аруу дүйнө келинчегим.

Кейибей бул турмуштун азабына,
Кел, кеттик улуу сүйүү сапарына.
Сен менин жалыныма жылып, бирок
Сен менин азабымда жашадың, аа..

Көнбөстөн көр турмуштун ченемине,
Көнбөстөн аны муну дегениңе.
Көзүңдөн жаш агыздым эчен ирет,
Анда да жарап турдуң керегиме.

Сен менин өмүр берген булагымсың,
Сен менин аялуу бир тумарымсың.
Өзгө кыз кошулса эгер тагдырыма,
Өзүңдү эңсеп ыйлап тураарым чын.

Мен сени өмүр бою жандайынчы,
Мээримге канып гүлдөй жайнайынчы.
Сен менсиз калба ушул дүнүйөдө,
Мен сенсиз жер үстүндө калбайынчы...

понедельник, 13 мая 2013 г.

Армандуу ырлардын текстери

Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат, баратабыз,
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.

«Ак ийилип, сынбайт»

«Ак ийилип, сынбайт». Жашоонун жолу ар кандай, ийри-түзү, ак-карасы, жакшы-жаманы бар. Бироолор бирөөлөрдү сүйдүрөт, экинчилери бирин-бири күйдүрөт, оз күнөөлөрүн башкаларга үйдүрөт. Ал байкуш анын жалаа-кесепетин тартат, жооптолот, суралат. Абакка да түшөт. Жалаа, доо териштирилет. Кудайым карап турат. Анын актыгына козжетет. Актын ийилгени-убактылуу тарткан азап-тозогу, сынбаганы – акыйкат акыры жеңгендиги. Эрки колуна тийгендиги. Демек, «акийилет, бирок, сынбайт», кара сынаттурбайбы!

воскресенье, 12 мая 2013 г.

МИДИН АЛЫБАЕВ. ЖИНДИ СУУ


Акындар төгөт термени,
Түгөнбөс ырдын кендери.
Эми уккула, жолдоштор,
Термени жаңы мендеги.

Терменин башы арактан,
Айланып кетсин тамактан,
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жаман адаттан.

Карабайт кары-жашыңа,
Капаны үйөт башыңа.
Жүргөн жери ызы-чуу,
Эч кимге жакпайт жинди суу.

Берметтей болуп жылтылдайт,
Түлкүдөй болуп кылтылдайт.
Бөтөлкөдө жай жатат,
Ичиңе кирсе чаңдатат.

Жалгыз эмес жинди суу,
Анда ага да бар, ини бар.
Спирт, пиво, винолор,
Ар кимисин билип ал.
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар.

Эч кимге кылбайт жакшылык,
Жетелеп кетет азгырып.
Жамандык менен жакшылык,
Каршы болот турбайбы.
Жамандыкка жинди суу
Жарчы болот турбайбы.
Айтып коюш парс экен,
Жаш, карыга мындайды,

Айтарым алыс, жакынга,
Айтканымды макулда.
Тумандатып башыңды,
Зыяны тиет акылга.

Адеп ичип жүргөндө,
Ойнотот түрлүү гүлдөргө.
Жашчылык ырын ырдатат,
Ай жарык сулуу түндөрдө.

Шек билгизбейт жымыңдап,
Көзүн ымдайт кымыңдап.
Кез-кезде гана азырак,
Башың коет зыңылдап.

Анан өзү келет акылга,
Аракка арак макул да.
Бир күнү башты жазасың,
Пахмелдин даамын татасың.

Анан түгөнбөс пахмел башталат
Баш ооруйт кайда качасың.
Бир стакан ичкенде,
Арстан кылат өзүңдү.
Өзүңө жанды теңебей,,
Арбытат айткан сөзүңдү
Кекеттирет сүйлөтүп,
Аңтарылтат көзүңдү.
Арстандыктан өткөзүп,
Анан мышык кылат жинди суу.
Бирине бирин апчытып,
Ошондо кызык кылат жинди суу.
Отсуз, майсыз күйгүзүп,
Сызык кылат жинди суу.

Чакырган үйдү жадатат,
Отурган элди таратат.
Эртесинде шылкыйтып,
Уялтып жерди каратат.

Жолобой калат билгендер,
Алыстайт бирге жүргөндөр.
Бирок, арактан өзүң качпайсың,
Жалгыздап сого баштайсың.

Баткактарга оонатып,
Чочко кылат жинди суу,
Адам жебес, ит жебес,
Сени ботко кылат жинди суу.
Дайым эле ошентпейт,
Кээ бир кезде билги суу
Обу жок кээ бир киши бар,
Оозуна албайт аракты,
Бирдемең барбы кана деп,
Коньяксыз ичпейт тамакты.
Коньякты таштап ичпеске,

Карыялардан бата алат.
Бирок, пивону согот чакалап,
Мен ичкенди койгом деп,
Көрүнгөндү жакалап,

Айтамын сөздү баарыңа,
Салгыла кулак жабыла.
Жарашпайт экен ичкилик,
Айрыкча көк ала сакал карыга.
Тамактай көрбө бозону,
Тарта ичкиле ошону.

Балбанды аттан оодарган,
Баатыр болот жинди суу.
Көйнөгү жок төшүндө,
Жакыр болот жинди суу.

Акын болсо үнүн жейт,
Жаштын терип гүлүн жейт.
Чечендердин сөзүн жейт,
Сөзүнөн кийин өзүн жейт.

Айтылуу сулуу келиндин,
Көрөсүң көркү кеткенин.
Өзүңчө туруп кейийсиң,
Көргөндө мастын өпкөнүн.
Ак шайы көйнөк эми жок,
Ак тубар жоолук деги жок.
Кийип калган этине,
Апасынын чепкенин,
Ырдап калат тийишип,
Абийиринин кеткенин.
Мастардын бүтпөс сөзү ошол,
Сөз кылат айым өткөнүн.

Бирин-бири макташат,
Бирин бири жакташат.
Элдин баарын тилдешет,
Көңүлүңдү зилдетет.
Бирин-бири өбүшөт.
Анан бирин-бири сөгүшөт.
Кайра баштан сыйлашат,
Жин тийгенсип ыйлашат.

Куран окуйт мас болуп,
Күйгөндөн ырдайт жаш болуп,
Эстеп ыйлайт атасын,
Илгерки өлгөн апасын.
Карап турсаң мастарды,
Чоң кызыкка батасың.
Жаралып эки келбейсиң,
Жаркыраган ааламга.
Акыл, эс, уят, ар намыс,
Чоң касиет адамга.
Түбөлүк жашап каласың,
Эмгегиң сиңсе заманга.
Көрктөнөт киши жумуштан,
Элиие кызмат кылыштан.
Кээ бир, кээ бир көпкөндөр,
Адашат жүрүш-туруштан.
Алы жетпейт арбайып,
Бөтөлкөдөн чыгыштан.
Душман көрөт өзүңдү,
Ичпе деп жардам кылышсаң:

Айткан тилди албайбы,
Кубалаш керек андайды.
Азыраак айтып мастардын
Кылыгын санап талдайлы.
Акындар айтпайт бизди деп.
Алардын көңүлү калбайбы.

Жинди болот мас киши,
Элүүсүндө жаш киши.
Элдин баарын үркүтөт,
Кутуруп жүргөн өз киши,
Чындыгында кемпайлар,
Өзүнө өзү кас киши.
Адегенде ал ичкич,
Мекемеден куулат,
Кекиртектен кетти деп,
Ал, кыргызга бүтүн угулат.
Боору ооруган начальник,
Аны кайра алат ишке калкалап.
Ашып кетсе алты күн,
Араң жүрөт чалкалап,
Ичпейм деп айтат күчтөнүп,
Үч күн жүрөт тиштенип.
Кылжыңдап келет бир күнү.
Шляпасы бүктөлүп.

Кызматчылар жабылып,
Башын чайкап турушат.
Столдорго чалынып,
“Соомун” деп кайра урушат.
Акыл айтса өзүңө,
Ошондо куйкаң курушат.

Эми койдум анык деп,
Түгөнбөгөн убада.
Учу-кыйры билинбейт,
Убада байкуш убара.

Жан-жагыңды карасаң,
Күлүп турат жарашып.
Кыз-келиндин бардыгы
Сүйгөндөй сени карашып.
Башка сөзгө көчөсүң,

Барып калат айлына,
Баардыгын салат кайгыга.
Көк мээ кылып көп сүйлөп,
Көз көрүнөө айлына.

Орусча сөгөт энесин,
Ыйлатат жакын жеңесин.
Бээлерди үркүтүп,
Быт-чыт кылат желесин
Жакының болсо ичкичтен,
Уялып элден өлөсүң.

Көркүнө чыгып гүлдөгөн,
Жериң менен иши жок.
Көкөлөп өсүп бараткан,
Элиң менен иши жок.
Жакындатат кылмышка,
Жабыркатат турмушта.
Өнөрүң болсо өргө чап
Ашыгып иште, күн кыска.

Кең Ала-Тоо керилген,
Келберсиген жериңден.
Атыр аба, агын суу,
Баары бизге берилген,
Ойноп-күлүп көрүп өт.
Кутулуу жок өлүмдөн.
Оюн-күлкү болбойбу,
Ичмейинче аракты?
Асманатып сыздырбай,
Сындырат арак канатты.
Жөн эле жегин тамакты,
Карматпай эски адатты.

Азамат болуу аста-аста,
Айран болуу бир паста.
Ууртап-татып көнбөгүн,
Миң таштаба, бир ташта.
Сөз кадырын сыйлаган,
Бир сөз жетет бир башка.

Койгун деп элиң асылат,
Койбосоң бир күн басылат,
Жымыя күткөн ырыскы,
Томсоро качып жашынат,
Эн тамгасын бөлөктөп
Салып коет жинди суу.
Акыры менден өлөт деп,
Алып коет жинди суу.
Чөнтөгүнө култуйтуп,
Салып коет жинди суу.

Ичкичтердин түрү бар,
Алардын түрүн билип ал.
Чатагы жок шимирген,
Жүк көтөргүч пили бар.
Бирок, көйнөгү арак жыттанып,
Күйүп кеткен түрү бар.
Элден-журттан бөлүнгөн,
Бечара тарткан үйү бар.

Тандабай кызыл агынан,
Табылса соккон таңынан.
Кызыл мурун деген бар,
Мына, ошолор жаман баарынан.

Каны тарткан ичине,
Жутуп алса кичине,
Эртесинде шишиме,
Ичсе кирген күчүнө.

Тартипсиз болот чачтары,
Тайтаң-туйтаң басканы.
Аракка кетет ар дайым,
Антип минтип тапканы.

Арканы жок, жиби жок,
Байлап алат жинди суу.
Жылаңайлак-жылаңбаш,
Айдап алат жинди суу.
Анан өзүңдү өзүң билесиң,
Өөдө төмөн жүрөсүң.
Куш сайрабас, күн тийбес,
Түнт токойго киресиң.
Ачуу-ачуу кыйкырып,
Аржаңдап жалгыз күлөсүң,
Айлыңа жакпайт мүнөзүң.

Анын эч ким жетпейт түбүнө,
Ал жетет сенин түбүңө.
Көзүңдүн агы жоголуп,
Коркурак кирет үнүңө,
Өз балаң коркуп бекинет,
Көргөндө сенин түрүңө.
Агайын-тууган бириксе,
Сөз бербейсиң бирине.
Таамай-таамай сайрайсың,
Тибиртке чыксын тилиңе.

Бүчү менен топчуңду,
Буфеттерде үзөсүң,
Ысык-Көлдө жүргөнсүп,
Кургак жерде сүзөсүң.

Калтыратат колуңду,
Ийри кылат жолуңду.
Жайдын күнү кийгизет,
Кышындагы тонуңду.

Күн кайнаган жайында,
Июль, август айында,
Кийиз өтүк бутуңда,
Мына, анык күлкү ушунда.
Суу кечкен теке кейптенип,
Плащчан коет кышында.
Батинкесиз, өтүксүз,
Эски галош бутуңда.
Айылдан ичсең аракты,
Көрсөтөт түрдүү санатты.
Мугалим болсоң бир жерге,
Окуттурбайт сабакты.

Эл базарга барганда,
Сен да калбай барасың.
Көйнөксүз эрдин бир тобун,
Көк базардан табасың,
Ок тийгендей оп этип,
Аттан кулап каласың.

Өткөн, кеткен күлүшөт,
Жанында иттер үрүшөт.
Күүгүм кире күн бата,
Чөнтөгүңө киришет.

Таппайсың туруп атыңды,
Чеңгелдейсиң башыңды.
Бутуңда жок өтүгүң,
Суу болуп жатат көчүгүң.

Сай-сөөгүң сыздап жүлүндөйт,
Чылпактап көзүң ириңдейт.
Оозу-башың бүлкүлдөп,
Сүйлөгөн сөзүң билинбейт.

Оолукма кылат өзүңдү,
Опсуз кылат сөзүңдү.
Ата-энеден тилдетип.
Акшыңдатат көзүңдү.

Тамактан такыр каласың,
Суусап күйүп жанасың.
Ичкиң келсе айла жок,
Бир сомдук арак аласың.

Стаканды карайсың,
Бир тамчы болсо жалайсың.
Тааныш издеп сандалып,
Беш сом акча самайсың.

Ашаткан тери жыттанат,
Үстүңдөгү кийгениң,
Жинди бойдон өлөсүң,
Кызыгын көрбөй дүйнөнүн.

Ит каппайт сени адам деп,
Кыз сүйбөйт сени жаман деп.
Милицияда жатасың,
Штраф кайдан табам деп.

Айтканымды ойго алар,
Акылы бар жаш бала.
Ардактуу асыл башыңды,
Аракка кылба маскара.

Апаке -КУДРЕТ