пятница, 17 мая 2013 г.

Сезим сырлары


Сагынычым сага болгон,
Жан дуйномду кыйнап турат.
Сезимдерим жаш баладай
Жашып анан ыйлап турат.

Кайталангыс назик унун
Жипсиз мени байлап алган,
Кайырчыдай кол сундуруп
Жалгыз сени жандап калган.

Акыл ченеп корсом деле
Журогумдо башка нерсе
Азабына консом деле 
Жаратканым сабыр берсе...

Тоскоол болгон коп нерсе бар
Жарып отуп кете аламбы???
Тагдыр мага сыноо кылса
Жарыгыма жете аламбы???

Капкарангы дуйномо ал
Кун шооласын кайрып берди,
Качып кеткен сезимим да
Корком кантем кайра келди.

Чынжыр менен байлап салчу
Ал кармалган буюм эмес...
Чыгаламбы тунгуюктан 
Айтынызчы сырдуу элес???
Бакыт Шыгаев.

Комментариев нет:

Отправить комментарий