пятница, 17 мая 2013 г.

Бөлүмбө

Байкасам бөөдө жек көрөт,
Баргының кытай деп бөлөт.
Бир чынчым кыргыз бөлүнсө,
Биримдик деген бөксөрөт.

Уруудан урук бөлүнөт,
Урушса катуу сөгүнөт.
Уучка толбос кыргызым,
Уюша албай төгүлөт.

Көралбас ач көз бардыгы,
Карөзгөй, ичтин тардыгы.
Кыргызда калган сакталып,
Кыңыр иштердин калдыгы.

Кыргызым болуп ынтымак,
Калк өнүп, жериң кулпурат.
Кажаңдашып аңдашсаң,
Калк бузулуп чыр чыгат.

Бөлүнсөң кыргыз капамын,
Бириккин деп жатамын.
Бактыңа бакыт кошулут,
Бир тууган болуп жашагын.


Комментариев нет:

Отправить комментарий