вторник, 14 мая 2013 г.

АЯЛУУМ ЖАНА АЯРЫМ

Жыттасам жыты жанды эриткеним,
Жылынчы кучагыма келип менин.
Сурасаң өмүрүмдү бергим келет,
Суйкайган аруу дүйнө келинчегим.

Кейибей бул турмуштун азабына,
Кел, кеттик улуу сүйүү сапарына.
Сен менин жалыныма жылып, бирок
Сен менин азабымда жашадың, аа..

Көнбөстөн көр турмуштун ченемине,
Көнбөстөн аны муну дегениңе.
Көзүңдөн жаш агыздым эчен ирет,
Анда да жарап турдуң керегиме.

Сен менин өмүр берген булагымсың,
Сен менин аялуу бир тумарымсың.
Өзгө кыз кошулса эгер тагдырыма,
Өзүңдү эңсеп ыйлап тураарым чын.

Мен сени өмүр бою жандайынчы,
Мээримге канып гүлдөй жайнайынчы.
Сен менсиз калба ушул дүнүйөдө,
Мен сенсиз жер үстүндө калбайынчы...

Комментариев нет:

Отправить комментарий