пятница, 17 мая 2013 г.

Сагыныч.



Сагынган журок санаасы кучоп
Алыста жургон уланын кутот
Жабыркап жалгыз жамалы алсыз
Коз байкуш бутту кароону алыс

Ысык жаш тамат жузумду бойлой
Отурам азыр озунду ойлой
Канады журок кайгысы кучоп
Караган сайын суротту тиктеп

Тилинип боор эт суйуудон калды
Сагыныч менин журогум жарды
Жер кезип сени издегим келет
Кудайым мага куч кубат берет

Буулуккан умут таба албайт айла
Ыйлайт, сыздайт, коз жашы дайра
Кезигип калса жигити кайра
Жанырган жаны жагымдуу жазда

Сагындым мен ардагым бир озунду
Жашсыратпа жайнап турган коздорумду
Керек болсо берээр элем бир озуно
Жалгызсырап ооруп турган журогумду.

Комментариев нет:

Отправить комментарий