пятница, 17 мая 2013 г.

Асылымсың



Аздектеген асылымсың, ардагым,
Ай жүз менен түбөлүккө арбадың!
Арнап жүргөн көптөн бери өзүңө,
Ак сүйүүмө сен ишене албадың!

Тапчы менин ак сүйүүмдү издетпей,
Табышалы табылгадай, издешпей.
Табериктүү ортобузда сый өзү,
Табылат го, жүрбөсөк да «сиз» дешпей!

Ынак болчу эч жанымдан чыкпаган,
Ысык болчу бир өзүмө ыктаган!
Ырыскынын атыр жыты аңкыган,
Ыйык гүлүм болуп жүрчү жыттаган!

Рахаттанам, эстегенде өзүңдү,
Рахмат айтам, көрсөм түштөн жүзүңдү.
Роман кылып жазуу керек талыкпай,
Рахат ала, жеген сымал жүзүмдү!

Гүлдөр өскөн гүлзарымдын ичинен,
Гүлдестени суннам сага ыр менен.
Гүлчамбарды белек кылам, кабыл ал,
Гүлбурагым, бир сен үчүн бүт белен!

Үзүлбөгөн үмүтүмсүң, күмүшүм,
Үшүбөймүн жамынганда күлүшүң!
Үңүлөмүн жакшы тилек, ой менен,
Үн кошомун, арыбасын жүрүшүң!

Лирик акын болбосо да тереңим,
Лира гүлүн тандап сага теремин!
Лианадай чырмалышкан ойлордон,
Лимитимсиң, сага умтулуп келемин!

Комментариев нет:

Отправить комментарий