пятница, 17 мая 2013 г.

Сезим сырлары

Уурдаттыңбы сезимиң мага деген, 
Азгырылып бөлөктүн кумарына.
Жоготтуңбу мээримиң аздектеген,
Муздактыктан себелеп курамына.

Жылуулугуң соолуду заматта эле,
Алоолонбой арзуунун илептери.
Сүртүлгөнүм өзүңө жагат беле? 
Тамгасындай, айрылган белеттеги.

Умтулбадың бузбоого мамилени,
Тагдырына бой сунган үмүтсүздөй.
Тизелете жыктыбы турмуш сени,
Махабаттуу кайыгың сүзүп-сүзбөй.


Комментариев нет:

Отправить комментарий