пятница, 17 мая 2013 г.

Сезим сырлары


Калемим бол ага арнап ыр жазсам,
Сенин кучун тамып турсун ырдасам.
Суйуум, менин таза экенин коргозгун,
Башка айтпайм, кечир мени, кыйнасам.

Барагым бол, ага деген кат жазсам,
Сенин жытын анкып турсун кыр ашсан.
Суйуум менин ак экенин байкаттыр,
Бирок кечир бул жолу да кыйнасам.

Тилим болуп суйлоп тургун мен барсам,
Сенин козун болсун тиктеп нур чачкан.
Кечир мени Суйуум эгер алсызды,
Бул жолу да кучагыма жыйнасам.


Комментариев нет:

Отправить комментарий