пятница, 17 мая 2013 г.

Анекдоттор


смайлики

Эки аял балкондон туруп алып амандашып атат дейт.
Биринчи аял: - Кандай анан кошуна? Ден-соолук жакшыбы?
Экинчи аял: - Кудайга шүгүр. Өзүнчү? Эмне, ооруп жатасынбы?
Биринчи аял: - Жок, ай. Эмнеге антип сурап атасын?
Экинчи аял: - Кечээ күнү бир врач үйүңдөн чыгып кетти го?
Биринчи аял: - Эмне, врач үйүмдөн чыгып кетсе эле ооруп аткан боломбу? Сенин да уйундон эрте менен бир депутат чыгып кетти го? Эмне, сенин үйүндө сессия болуп жатабы?

Күйөөсү менен аялы ужас кино көрүп жатат дейт. Бир кезде экран
толгон эле ужастын бети болуп калат, аялы чоочуп кетип, ?апаааа!?
деп кыйкырат экен. Анда күйөөсү эч кам санабастан: ?апанды  кантип тааный койдун? деген экен

Бир мас көчөдө дубалды таянып, араң келе жатса көлчүктө дагы бир мас жатат дейт.
Анда дубалды сүйөнүп турган мас: - Эй, эмне жатасын, алына карап ичпейсинби,
десе. - көрөм сени азыр дубал бүтсө- деген экен.

Айылдан жаны келген эки бала карангыда көчөдө кетип баратышып,
бирөөсү айтат: -смотри на небе сколько звездей! -звездей эмес,
звездов туура болот,-дейт экинчиси. Анан экөө мелдешип кетип,
бир кыздан сурашат: "звездов правильно или зведей?",-десе:"я таких словей не знаю!",-дептир..

Комментариев нет:

Отправить комментарий