пятница, 17 мая 2013 г.

Сен таарынба!


Узун бойлуу, токтоо мүнөз ал адам
Ортобузду бөлүп салды миң бир кадам,
Түшүнбөстүк бийлик кылып ортобузда
Таарынышып алыстадык биз да тынып.

Бир да ката бул жашоодо ким кетирбейт,
Сүйүүнүн бешигине ким термелбейт
Жаш кезекте келет-кетет мындай сезим,
Булгап алдым көңүлүңдүн бир жак четин.

Кучагыңа оронуп ойноп-күлгөм,
Ал күндөрдү сен эмес мен да сүйөм.
Ишенемин бакыт жолун табаарыңа
Туура түшсөң ак сүйүүнүн сапарына.

Өмүрдө жакшылыкты сага каалайм,
Өзүң менен өткөн күндү абдан баалайм.
Өткөнгө өкүнүп ызааланба.
Адам затта болот ката бул жалганда.

Ак көңүл кыялың мага жагат,
Көздөрүңдөн боорукерлик күйүп жанат
Менде болгон сүйүү эмес жактыруу,
Андан дагы сага болгон көнүп калуу.

Асмандагы кундө дайым батуу бар,
Сүйүү күйүт ачуусуна таттуу бар
Сен да күлүп бир убакта эстээрсиң
Ал анткени эске салчу күндөр бар.

Бул күн менен күн жарыгы өчүп калбайт
Сага болгон мендеги сезим таркайт
Жана берсин ийгиликтин жарыгы,
Калганыңда чындап сүйүп сен башканы.

Саламыбыз үзүлбөсүн көрүшкөндө.
Капысынан жоолукканда өңүбүздө
Өкүнбөймүн сени менен жүргөнумө
Алдасам да, алдансам да бир өзүңө.

Комментариев нет:

Отправить комментарий